Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу саясатын түшүндүрдү

Коомчулукта чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуу маселелери боюнча талкууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул багытта салмактуу жана көзөмөлдөнгөн мамлекеттик саясат жүргүзүлүп жатканын билдирет.
Чет өлкөлүк адистерди тартуу иши өлкөнүн экономикасынын реалдуу муктаждыктарына жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында гана жүргүзүлөт. Бул процесс убактылуу мүнөзгө ээ болуп, өзгөчө кесиптик билимди, тажрыйбаны жана компетенцияларды талап кылган инвестициялык, инфраструктуралык жана башка долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарынын ички эмгек рыногунан сүрүлүп чыгышына жол берилбестиги негизги принциптердин бири экенин белгилейт. Квоталарды аныктоодон тартып уруксат берүү жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуу шарттарына чейинки бардык жол-жоболор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө турат. Эмгек жана миграция мыйзамдарын бузуу фактыларына карата тиешелүү чаралар көрүлөт.
Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу процесстери башка мамлекеттик органдар менен биргеликте жөнгө салынат. Процедуралардын ачыктыгына, эмгек укуктарынын сакталышына, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоорлордо жергиликтүү кадрлардын үлүшүн этап-этабы менен көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Жарандарга чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелери боюнча кайсы мекемелерге кайрылууга болору түшүндүрүлдү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти:
Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10
Тел.: 0312 66 30 70
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 215
Эмгек миграциясы жана коомдогу социалдык туруктуулук маселелери боюнча коомчулукту өз убагында маалымдоо мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калууда.
Пайдалуу
Ссылкалар