Кыргызстандыктар эмгек мамилелери боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине көбүрөөк кайрыла баштады
2025-жылдын 1-декабрына карата өлкөнүн бардык аймактарынан жарандар Министрликке кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланышты. Электрондук документ жүгүртүү тутумунун маалыматына ылайык, кайрылуулардын эң көбү борбор шаардан түшкөн — 694 (50,5%). Ошондой эле, Чүй облусунан — 224 (16,3%) жана Ош облусунан — 176 (12,8%) кайрылуу катталган. Эң аз кайрылуулар Талас облусунан — 16 (1,2%) жана чет өлкөлөрдөн — 11 (0,8%) болгон.
Министр жана анын орун басарлары жарандарды жеке кабыл алууну үзгүлтүксүз өткөрүп турушат: министр жарандарды жума күндөрү саат 9:00дөн 11:00гө чейин, орун басарлары графикке ылайык саат 10:00дөн 12:00гө чейин кабыл алышат. Ноябрь айында жалпысынан 307 жаран кабыл алынган. 1966 жана 66-01-07 байланыш телефону аркылуу 6 345 жаранга консультациялык жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, онлайн-платформалар аркылуу жана “1-кабылдама” радиоберүүсү аркылуу түшкөн кайрылуулар да каралган.
Кайрылуулардын тематикасына токтоло турган болсок, жарандар негизинен эмгек мамилелери жана эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө маселелери боюнча — 18%, турак жай маселелери боюнча — 13,1%, үй-бүлөгө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча — 11,8%, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тейлөө боюнча — 10,8%, ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар боюнча — 9,7%, материалдык жана гуманитардык жардам боюнча — 5% кайрылышкан. Калган кайрылуулар башка маселелерге тиешелүү.
Көзөмөлгө алынган 1 374 кайрылуунун ичинен 1 329у (96,7%) аткарылган, ал эми 45 кайрылуу (3,3%) учурда аткарууда. Эң актуалдуу маселелер турак жайга, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатууга, санатордук-курорттук жолдомолорго, жумушка орноштурууга, миграцияга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого байланыштуу болгон.
Министрлик жарандардын кайрылуулары менен системалуу иш алып баруу улантылып жатканын жана бардык кайрылуулар мыйзам талаптарына ылайык кылдат караларын белгилейт.














