Эмгек министрлиги: III кварталда 800дөн ашык бала үй-бүлө тапты
2025-жылдын III кварталында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен иштөө боюнча жыйынтыктарды билдирди. Кварталдын жыйынтыгына ылайык, 492 бала камкордукка берилсе, 370 бала улуттук асыроого өткөрүлдү, дагы 2 бала чет өлкөлүк жарандар тарабынан асырап алынды.
Балдарды кабыл алган бардык үй-бүлөлөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, камкордук органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат. Бул балдардын тийиштүү камкордугу, тарбиясы жана укуктарынын корголушу камсыздалышын шарттайт.
Эске салсак, балдарды асырап алуу жана камкордукка берүү Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле балдарды өлкө жарандарга жана чет өлкөлүк жарандарга өткөрүп берүү тууралуу жоболор менен жөнгө салынат.
Бул чаралар ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле Кыргызстанда үй-бүлөлүк жайгаштыруу институттарын чыңдоого багытталган.














