Министрлер Кабинети 2026-жылдагы жаңы жылдык каникулдарды 12-январга чейин узартты

Үй-бүлө институтун бекемдөө жана ата-энелердин балдары менен биргеликте эс алуусуна шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери үчүн жаңы жылдык каникулдарды эки календардык күнгө — 2026-жылдын 8 жана 9-январына узартуу тууралуу токтом кабыл алды.
Жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине бул токтомду өз ишмердүүлүгүндө эске алуу сунушталат.
Тиешелүү документ 2026-жылдын 1-январынан тартып расмий күчүнө кирет.
Ошентип, кыргызстандыктар 2026-жылдын 12-январында жумушка чыгышат.
Пайдалуу
Ссылкалар