Жыл башынан бери «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» кызматына 67 429 чалуу келип түштү
2015-жылдан бери Эмгек министрлигинин алдында мамлекеттик «Балдар үчүн ишеним телефону – 111» мекемеси иштеп келет. Ал суткасына 24 саат бою үзгүлтүксүз иштеп, республиканын бардык аймактарынан түшкөн чалууларды акысыз кабыл алат.
Борбордун психологдору күнү-түнү телефон аркылуу жардам көрсөтүшөт. Ар бир нөөмөттө эки адис иштейт. Алар чалууларды кабыл алып, кайрылуучуларды угуп, консультация беришет, кайрылууларды журналга катташат, анкеталарды толтурушат жана компетенциясына жараша тиешелүү уюмдарга маалымат жөнөтүшөт. Бардык сүйлөшүүлөр катталат.
2025-жылдын 11 айында борборго жалпы 67 429 чалуу түшкөн. Алардын ичинен 2 777 абонент консультация же жардам алуу үчүн кайрылган: 1 170и (42,1 %) — балдар, 1 607си (57,9 %) — чоңдор. Кайрылуулар боюнча 1 977 консультация берилген, 574 абонент психологиялык жардам алган, ал эми 226 учур тиешелүү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге чара көрүү үчүн өткөрүп берилген.
Жынысы жана жаш курагы боюнча бөлүштүрүү: эркектер — 438 (15,8 %), аялдар — 1 169 (42 %), балдар (уулдар) — 324 (11,7 %), кыздар — 846 (30,5 %).
Борбордун негизги максаты — турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жана чоңдорго өз убагында жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын психологиялык жана социалдык жыргалчылыгына коркунуч туудурган мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алуу.














