МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы социалдык мекемелерди кыдырып, мамлекеттик кызматкерлерди социалдык жоопкерчиликке чакырды
Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жайыл районундагы аялдар үчүн психоневрологиялык жана Беловодск айылындагы балдар стационардык социалдык мекемелерине барды. Ал жерде социалдык кызматтарды алуучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, социалдык жактан аярлуу жарандарга даректүү колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
МинКаб Төрагасы социалдык объектилерди кыдыруу учурунда мамлекеттик кызматкерлерге буга чейин жаңы жылдык салттуу корпоративдик иш-чаралардан баш тартууну сунуштаган жарыяланган демилгеге токтолду.
“Биз ар бир мамлекеттик кызматкерди социалдык жоопкерчиликти жана тилектештикти көрсөтүүгө чакырабыз. Бул каражаттар майрам күндөрү өзгөчө колдоого муктаж болгондорго жылуулук, камкордук жана кубаныч тартуулап, алда канча пайдалуу болушу мүмкүн”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоолорун айтып, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалап, жаңы жылдык белектер тапшырылды.
Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев катышты. Ал социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга кам көрүү мамлекеттик социалдык саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон каларын белгиледи.
Жаңы жылдык жолугушуу жылуу маанайда өтүп, кызмат алуучуларга майрамдык көңүл маанай жана оң эмоциялар тартууланды.















