Эмгек министрлигинин көмөгү менен 2025-жылы 25 391 жаңы жумуш оруну түзүлдү
Ушул жылы социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын өлчөмү 100,0 миң сомдон 150,0 миң сомго жогорулады. 2025-жылы республика боюнча 150 миң сомдон 13 331 жараныбыз менен социалдык контракт түзүлдү.
Сумманы 150 миң сомго көбөйтүү үй-бүлөлөрдүн социалдык контрактка активдүү катышуусуна түрткү берип, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнүн материалдык абалын жакшыртууга, ар кандай бизнесте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулататууга; үй-бүлөлөрдүн эркин эмгектик жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартууга; бизнес багыттарын кеңейтүүгө; чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
2025-жылы социалдык контракттын алкагында 13 964 жаңы жумуш орундар түзүлүп, 90,0%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү.
Социалдык контракттын катышуучулары бизнес долбоорлорун төмөнкү тармактарда ишке ашырууда: айыл-чарба багыты – 77,7%, кызмат көрсөтүү багыты – 8,9%, өндүрүш багыты – 7,3% жана соода-сатык тармагы – 6,1%.
Ошондой эле, социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейин пайызсыз кредит алышууда.
2025-жылы республика боюнча 1 101 социалдык контракттын катышуучусу бизнес багыттарын өркүндөтүү максатында пайызсыз кредит алышты.
Ошону менен бирге, региондордун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында уюштурулган коомдук акы төлөнүүчү жумуштардын алкагында
10 716 жана жеке ассистент кызматынын негизинде 711 жаңы жумуш орундары түзүлдү.














