Эмгек министрлиги РФдагы кыргызстандыктарга жыл башынан бери 34 млн рублдан ашык төлөнбөй калган айлык акыны кайтарып берүүгө көмөктөштү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11 айында 376 Кыргыз Республикасынын жаранына 34,3 млн рубль өлчөмүндөгү эмгек акыны алууга көмөк көрсөттү. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракаттан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 10 жаран иш берүүчүлөрдөн жалпы суммасы 15,9 млн рубль болгон компенсация өндүрүп алууга жетишти.
Өкүлчүлүк иштеп баштаган мезгилден тартып, тактап айтканда 2022-жылдын ноябрынан 2025-жылдын ноябрына чейин, жалпысынан 1 523 кыргызстандык эмгек мигрантына жардам көрсөтүлдү. Аларга төлөнбөй калган эмгек акыны жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсацияларды өндүрүп алуу мүмкүн болуп, жалпы сумма 134 млн рублдан ашты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү чет өлкөдө эмгектенген жарандардын эмгек укуктарын коргоо боюнча ишин улантып, мекендештерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Пайдалуу
Ссылкалар