Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Түркияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу 4 компаниянын ишин токтотту
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору 12-январда Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууну жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берүү тартиби жөнүндө Жобонун талаптары бузулган фактыларды аныктады.
Борбордун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө айрым жөнөтүүчүлөр тарабынан Түркия Республикасынын аймагында ишке орноштуруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жалдоо учурунда ишенимсиз маалыматтар берилгени аныкталган.
Тактап айтканда, чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат алуу учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтер тапшырылган. Атап айтканда, Түркиядагы кабыл алуучу уюм (иш берүүчү/чет өлкөлүк ортомчу уюм) менен болгон иш жүзүндөгү кызматташтык тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.
«Бул аракеттер жогоруда аталган Жобонун 29-пунктунун 1-пунктчасында каралган талаптарды бузуу болуп саналат. Ага ылайык, жөнөтүүчү тарабынан уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды камтыган документтерди берүү фактылары аныкталган учурда уруксаттын колдонулушун токтотууга негиз болуп эсептелет», — деп маалымдашты Жарандарды ишке орноштуруу борборунан.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде жана Жобонун ченемдерине ылайык, төмөнкү жөнөтүүчүлөргө карата Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркияда ишке орноштуруу боюнча иш жүргүзүүгө берилген уруксаттардын колдонулушу убактылуу токтотулду:
— «Голден ворк & тревел» ЖЧКсы;
— «Айрис Тревел» ЖЧКсы;
— «Рамай-Саякат» ЖЧКсы;
— «Аска-Трэвел» ЖЧКсы.
Уруксаттардын колдонулушун токтотуу аныкталган мыйзам бузуулардын себептери белгиленген тартипте толук жоюлганга чейин улантылат.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында аталган жөнөтүүчүлөргө карата мыйзам бузууларды аныктоо боюнча тиешелүү актылар түзүлдү.
Бул актылардын негизинде көрсөтүлгөн ЖЧКларга аныкталган мыйзам бузуулар жана аларды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган мөөнөттөрдө жоюу талаптары көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү билдирүүлөр жөнөтүлөт.
Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору эскертет: уруксат алуу учурунда ишенимсиз маалыматтарды берүү, ошондой эле тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабоо жоопкерчилик чараларын, анын ичинде уруксатты токтотууну же жокко чыгарууну шарттайт.
Борбор чет өлкөлөргө эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жөнөтүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү боюнча системалуу ишин улантат.














