Эмгек министрлиги жана Дүйнөлүк банк жаштар стажировкасы боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын баалашты

14-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте «Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун алкагында жаштар стажировкасы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге мониторинг жүргүздү.

Мониторингдин алкагында тараптардын өкүлдөрү «Элдик Банк» ААКнун «Мурас» филиалына жана Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейге барып, жумушсуз жаштарды стажировкадан өткөрүү жана жумушка орноштуруу маселелерин талкуулашты.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, жаштар стажировкасы боюнча пилоттук долбоор 2024-жылы өлкөнүн 30 аймагында ишке киргизилген. Бул мезгил ичинде мамлекеттик жана жеке уюмдарга 1 851 жаштар стажировкага жөнөтүлүп, алардын 72 пайызы жумушка орношкон. Долбоордун активдүү өнөктөштөрүнүн бири катары «Элдик Банк» ААКсы белгиленип, анда стажировкадан өткөн 78 жаштын 65и банктың ар кайсы филиалдарында ишке кабыл алынган.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банк жаштар арасындагы жумушсуздукту кыскартууга жана жаштардын эмгек рыногуна чыгышына көмөк көрсөтүүгө багытталган демилгелерди колдоонун актуалдуулугун баса белгиледи.

«Элдик Банк» ААКсынын өкүлдөрү стажировка жаштар үчүн практикалык тажрыйба алуунун жана кийинки жумушка орношуунун натыйжалуу куралы экенин белгилешти. Ошондой эле бүгүнкү күндө банкта эмгектенип жаткан мурдагы стажерлор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, бул программа жаштар үчүн негизги тоскоолдук болгон иш тажрыйбасынын жоктугун жеңүүгө жардам бергенин айтышты.

Мындан тышкары, пилоттук долбоордун алкагында эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча окутуу да каралган. Бишкек шаарындагы №98 кесиптик лицейде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бухгалтериянын негиздери (1С программасы) боюнча бир топ жаштар билим алууда. Окууну аяктагандан кийин катышуучулар коммерциялык банктарда стажировкадан өтүшөт.

Пилоттук долбоор туруктуу жыйынтыктарды көрсөтүп, мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөрдүн натыйжалуу кызматташтыгын тастыктоодо.

Пайдалуу
Ссылкалар