Эмгек министрлигинин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алуу өттү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Министрдин орун басары Айнура Орозбаева 5 жаранды кабыл алып, мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу, майыптык макамын алуу, жеке ассистенттин кызматын көрсөтүү жана башка социалдык колдоо чараларына байланыштуу кайрылууларды укту.
Ар бир кайрылуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандар менен ачык диалог жүргүзүүнү жана алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү улантат.

2026-01-16














