« Эмгек министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитети гуманитардык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты»
2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр К. Л. Сагынбаевдин Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Миссиясынын жетекчиси Франсуа Бланси менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоо маселелерин жана гуманитардык жана социалдык программалардын алкагында кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.
Сүйлөшүүдө тараптар гуманитардык демилгелерди ишке ашырууда ЭКККнын маанилүү ролун белгилеп, уюм менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосундагы өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин баса белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин тастыкташты.















