Эмгек министрлиги жана ЮНИСЕФ 2026–2027-жылдарга балдарды коргоо боюнча артыкчылыктарды аныкташты

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура  Орозбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Анна Даутович жана ЮНИСЕФтин социалдык жүрүм-турумду өзгөртүү маселелери боюнча аймактык кеңешчиси Сомелио менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ошондой эле балдарды коргоо жаатында иш алып барган эки ведомствонун профилдик командалары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Алар балдардын укуктарын жана бакубаттуулугун коргоо системасын чыңдоого, зомбулуктун алдын алууга, ошондой эле аярлуу абалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоонун туруктуу ведомстволор аралык механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган.

Балдарга карата зомбулукту жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. ЮНИСЕФтин аймактык кеңешчисинин колдоосу менен тараптар коомдук нормаларды өзгөртүүгө, катаал мамиленин алдын алууга жана ар бир бала үчүн коопсуз чөйрөнү калыптандырууга багытталган натыйжалуу стратегияларды иштеп чыгуу боюнча ыкмаларды карап чыгышты.

Жолугушуунун катышуучулары маалыматтарга негизделген, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө жана коомчулуктун активдүү катышуусуна таянган комплекстүү жана далилдүү ыкманын маанилүүлүгүн белгилешти. Кийинки кызматташтыктын негизги багыттары катары алдын алуу программаларын өнүктүрүү, адистердин потенциалын чыңдоо, ошондой эле социалдык жүрүм-турумду өзгөртүү ыкмаларын мамлекеттик саясатка жана программаларга интеграциялоо белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, ошондой эле балдардын укуктарын коргоого жана алардын жыргалчылыгын, коопсуз жана бактылуу келечегин камсыздоого багытталган стратегиялык демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пайдалуу
Ссылкалар