КР Эмгек министрлиги эскертет: эмгек укуктары бузулган учурда жарандар эмгек инспекциясына кайрыла алышат
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга жана иш берүүчүлөргө министрликтин алдындагы Эмгек мыйзамдарынын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын ишмердүүлүгү тууралуу эскертет.
Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жарандардын эмгек укуктарын коргоону жана иш берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарынын, ошондой эле эмгекти коргоо нормаларынын сакталышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат.
Кызматтын ыйгарым укуктарына эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүү жүргүзүү, эмгек акынын өз убагында жана толук төлөнүшүн көзөмөлдөө, эмгек келишимдеринин туура таризделишин текшерүү, эмгек шарттарын жана эмгекти коргоо талаптарын көзөмөлдөө, өндүрүштөгү кырсыктарды иликтөө кирет.
Кызматтын ишмердүүлүгү кызматкерлердин эмгек укуктарынын сакталышын камсыздоого, иш берүүчүлөр тарабынан бузуулардын алдын алууга жана өндүрүштүк тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Эмгек укуктары бузулган учурда жарандар төмөнкү дарек жана байланыш телефондору боюнча эмгек инспекциясына кайрыла алышат:
Дареги: Бишкек ш., Чүй көч., 265а
Телефондор: 0 (312) 39-16-35, 0312-39-16-35
Эмгек министрлиги кызматкерлерди жана иш берүүчүлөрдү эмгек мыйзамдарынын нормаларын так сактоого жана мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында кайрылууга чакырат.














