«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын январь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 1 – январынан  1 – февралына чейин 5375 телефондон кайрылуу (бир суткада 173 чалуу) түшкөн.

364 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 120 же 33,0 % жаш балдар, ал эми 244 же 67,0% чоң кишилер), анын ичинен 270  кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 64 абонентке психологиялык консультация берилген, 30 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

364 чалуунун ичинен: эркектерден – 70 (19,2%), аялдардан – 174 (47,8%), эркек балдардан – 33 (9,0%), кыздардан – 87 (24,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мааниси төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 124 (балдар 4);

– психологиялык жабырлануу менен – 48 (балдар 34);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 44 (балдар 37);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 43 (балдар 7);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 21 (балдар 16);

– үй-бүлөлүк мамилелер жана жанжалдар – 20 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 17 (балдар 9);

– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 10 (балдар 2);

– үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн  жөнүндө – 9 (балдар 1);

– суицид  жөнүндө – 8 (балдар 4);

– билим берүү системасы жөнүндө – 7 (балдар 3);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 5 (балдар 1);

– социалдык тармактардагы шантаж жана коркутуулар жөнүндө – 2 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 1 (балдар 0).

5011 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 104 (28,6%);

– Чүй облусунан – 33 (9,1%);

– Ысык- Көл облусунан – 24 (6,6%);

– Жалал-Абад облусунан – 21 (5,8%);

– Ош шаарынан – 21 (5,8%);

– Ош облусунан – 19 (5,2%);

– Баткен облусунан – 16 (4,4%);

– Нарын облусунан – 7 (1,9%);

– Талас облусунан – 3 (0,8%);

– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 116 (31,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар