Эмгек министрлиги Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен биргеликте илимий жана билим берүү мекемелери менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү пландоодо

2026-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратында мамлекеттик органда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн жаңы жол-жоболорун түшүндүрүүгө арналган жумушчу кеңешме өткөрүлдү. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №833 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү аркылуу өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө илимдин салымын жогорулатуу жөнүндө» токтомун ишке ашыруу зарылчылыгына байланыштуу демилгеленди.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б. Дарманкул уулунун төрагалыгы алдында өтүп, ал республиканын стратегиялык программаларында ар дайым илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү же аларды колдонуу каралганы, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын практикалык пайдалануу мамлекеттик саясатты тигил же бул тармакта өркүндөтүүнүн милдеттүү шарты болуп саналары белгиледи.

Министрлер Кабинетинин аталган чечимин ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана илим министрлигинин Илим башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Эмгек министрлигинин тармактык башкармалыктарынын жетекчилерине мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу аркылуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жол-жоболору, каржылоонун булактары жана көлөмдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдын Илимий-техникалык кеңешинин ролу тууралуу кеңири презентация сунушталды.

Пайдалуу
Ссылкалар