Министрдин Баткен облусунда жарандар менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына барды.
Иш сапардын жүрүшүндө министр башкармалыктын имаратынын учурдагы абалы менен кенен таанышып, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатына өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле жөлөкпул алуу үчүн кайрылган Лейлек районунун тургундары менен баарлашып, алардын сунуш-пикирлерин укту.
Мындан тышкары, министр башкармалыктын ар бир бөлүмүнүн иш алып баруусу, кызматкерлердин жарандар менен иштөө тартиби жана социалдык кызматтарды көрсөтүүдөгү негизги багыттары менен жакындан таанышып чыкты.
Иш сапардын алкагында К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М. Исаков менен жолугушуп, социалдык маселелер боюнча көйгөйлөрүн талкуу кылышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында социалдык тармактагы маселелерди ырааттуу чечүү жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын мындан ары жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар талкууланды.
    
Пайдалуу
Ссылкалар