Эмгек министри “Пикир” маалымат системасын ишке ашырууда алгылыктуу иш алып барылбаганы боюнча аймактарды сынга алды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министр Канат Сагынбаев “Пикир” маалыматтык байланыш системасын жетишсиз колдонуп жаткан бир катар аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин сынга алды.
Аталган система Мамлекеттик органдардын баарында QR-коддор менен пикир калтыруу системасын киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукту жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жарандардын кайрылууларына, арыз-даттанууларына жана сунуштарына ыкчам жооп кайтарууну камсыз кылуу максатында ишке киргизилген.
Тилекке каршы, Министр белгилегендей, иш жүзүндө система толук көлөмдө колдонулбай келет.
Тактап айтканда, система айрым райондор аралык жана шаардык, психиатриялык медико-социалдык эксперттик комиссияларда (МСЭК), ошондой эле, Бишкек жана Кара-Балта шаарларында, Ысык-Көл, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы аймактык бөлүмдөрдө, бир катар социалдык стационардык мекемелерде, анын ичинде Токмок жана Жалал-Абад шаарларындагы балдар ПССМдеринде, Төмөнкү-Серафимовка, Бакай-Ата, Сузак, Кадамжай, Покровка, Ак-Жол аймактарындагы мекемелерде, ошондой эле Шопоков шаарындагы балдар үйүндө жетиштүү деңгээлде пайдаланылбай жатат.
Ушундай эле абал Биринчи Май, Чүй, Манас, Ак-Талаа, Нарын, Кара-Суу, Чоң-Алай жана Таш-Көмүр райондорунун аймактык бөлүмдөрүндө да байкалат.
“Пикир” кайтарым байланыш системасын көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындай шартта жарандар жоопсуз калып, бул түздөн-түз иштин сапатына жана Министрликтин ишенимге болгон таасирин тийгизет.
Ар бир келип түшкөн сын-пикир өз убагында жана маңызы боюнча каралышы зарыл, — деп баса белгиледи Канат Сагынбаев.
Министр бардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине “Пикир” маалыматтык байланыш системасынын толук кандуу иштешин камсыз кылуу, жарандардан келип түшкөн сын-пикирлерди ыкчам кароону жолго коюу жана биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуштар камтылган аналитикалык отчетторду даярдоо тапшырмасын берди.















