Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин биринчи орун басары К. С. Досматов ведомствонун коллегиясында 2025-жылы социалдык программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады.
Анын айтымында, министрлик мамлекеттик жардамды максаттуу бөлүштүрүүнү жана калктын аз камсыз болгон катмарларына даректүү колдоо көрсөтүүнү күчөтүүдө. Натыйжада жөлөкпул алуучулардын саны дээрлик 195,9 миң адамга кыскарып, 2021-жылы 359,5 миңден 2025-жылы 163,6 миңге чейин азайды.
2025-жылы социалдык төлөмдөр боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, чет өлкөлөрдөгү согуш аракеттерине катышкан жарандарга жана башка категорияларга ай сайынкы акчалай компенсациялар көбөйтүлдү (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги №132 Жарлыгы).
Өзгөчө макамы бар бийик тоолуу, алыскы жана чек ара райондорунда жашаган жарандар үчүн социалдык-экономикалык абалына карабастан, үчүнчү жана андан кийинки 3 жашка чейинки балдарга жаңы ай сайынгы жөлөкпул киргизилди. Арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-январында башталып, төлөмдөр 2026-жылдын 1-февралынан тарта 3000 сом өлчөмүндө жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган көп балалуу энелер үчүн «Бала Береке» аттуу бир жолку төлөмдү белгиледи. Төлөмдүн өлчөмү балдардын санына жараша аныкталат: 4 балага — 100 миң сом, 7 балага — 1 млн сом, 10-балага жана андан кийинкилерине — 2 млн сом.
