Эмгек министрлигинин коллегиясында социалдык тармакты колдоо жана балалуу үй-бүлөлөргө жаңы жардам чаралары тууралуу маалымдалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан социалдык тармакка көрсөтүлүп жаткан колдоо тууралуу маалымдады. Анын айтымында, балалуу аялдарды, майыптыгы бар адамдарды, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Мында бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарында жашаган энелер менен балдарды колдоо кошумча чара катары каралууда. Ошондой эле учурда 0 жаштан 3 жашка чейинки бардык балдар үчүн бирдиктүү жөлөкпул киргизүү маселеси каралып жатканы белгиленди. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гулнара Баатырова мыйзам чыгаруу бутагы аркылуу министрликке колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, ведомствону демилгелер жана сунуштар менен активдүү чыгууга чакырды.

Пайдалуу
Ссылкалар