Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри жарандарды кабыл алды

20-февралда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги жеке кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө социалдык коргоо, эмгек укуктарын сактоо жана калктын аярлуу катмарларын колдоо маселелери каралды.

Кабыл алууда жарандар тарабынан төмөнкү маселелер көтөрүлдү: майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөмү; эмгек мыйзамдарын сактоону көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн акттын негизинде кабыл алынган чечимге даттануу; «Келечекке салым» балдардын депозиттик программасына катышуу; кайрымдуулук фондуна жеткирилген азык-түлүк жана гуманитардык жардамды сактоо үчүн кампалык жайларды бөлүп берүүдө көмөк көрсөтүү; стационардык социалдык мекеменин жетекчиси тарабынан кызматкерлерди жумуштан бошотуу фактысы; Ош базарынан соода ордун алууга көмөк көрсөтүү; балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү болгон жетим балдардын көйгөйлөрү; майыптуулук тобун өзгөртүү маселелери жана башка социалдык мааниге ээ темалар.

Бардык кайрылуулар боюнча министр тарабынан тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандардын укуктарын коргоо жана социалдык колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу багытында системалуу ишин улантууда.

Пайдалуу
Ссылкалар