“Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү
Бүгүн, 2026-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын “Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам долбоорунун негизги максаты – кызматкерлердин эмгектик милдеттерин аткарууда алардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу маанилүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу экендиги белгиленди.
Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле ишканалардын жана мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык катышуучуларына, анын ичинде иш берүүчүлөргө, кызматкерлерге, кооперативдин мүчөлөрүнө, практикалык окуудан өтүп жаткан же ишке тартылган адамдарга, окууга же эмгектик реабилитацияга жөнөтүлгөн жарандарга, аскер кызматкерлерине, соттолгон адамдарга, уюмдарда эмгектенгендерге, ошондой эле өлкө аймагындагы чет элдик катышуусу бар ишканаларда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына жайылтылат.
Мыйзамдын долбоору төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
• жумуш берүүчүлөрдүн коопсуз иштөө шарттарын камсыз кылуу боюнча жоопкерчилигин күчөтүү;
• кызматкерлерди коопсуздук эрежелерине үйрөтүү, жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу жана жумуш орундарынын аттестациясы;
• инструктаждарды өткөрүү жана эмгек коопсуздугу боюнча билимин текшерүүнү электрондук форматта жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
• кесиптик ооруларды жана жаракаттарды алдын алуу чаралары.
Парламенттик угуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан мыйзам долбоорун өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар берилди. Айтылган сунуштар жана пикирлер документти кийинки окууларга даярдоо барышында эске алынат.

2026-02-20














