КР Эмгек министрлигинде «Сапаттуу социалдык кызматтар жана татыктуу жумуш орундары» багыты боюнча иштердин жыйынтыгы чыгарылды

 

2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча кызматташтык алкагындагы I приоритеттүү багыт — «Сапаттуу социалдык кызматтар (билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо) жана татыктуу жумуш орундары» боюнча Алкактык программаны ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоого арналган консультациялар өткөрүлдү.

Иш-чараны эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү Кожиро Накай, ошондой эле БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү ачышты.

Катышуучулар 2025-жылдагы биргелешкен ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2026–2027-жылдарга карата негизги стратегиялык артыкчылыктарды аныкташты.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Айнура Орозбаева төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Биринчи приоритеттүү багыт боюнча биргелешкен жумушчу планды ишке ашыруунун жыйынтыгында 2025-жылы маанилүү кадамдар жасалды. Кеңейтилген коомдук акы төлөнүүчү коомдук иштер башталып, майыптыгы бар адамдарды колдоонун жаңы программалары, анын ичинде “Социалдык контракт” программасы киргизилди. Бул механизм үй-бүлөлөргө жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана иш менен камсыз болуу аркылуу оор турмуштук кырдаалдан чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейинки мамлекеттик миграция саясатынын концепциясын жана 2025-жылга чейинки ВИЧ боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында активдүү иштер жүргүзүлдү».

Консультациялардын жүрүшүндө приоритеттүү багыттар боюнча топтор Алкактык программанын алкагында жетишилген акыркы натыйжалар боюнча Стратегиялык координациялык комитетке отчет берип, программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымдап, мындан аркы иш-чаралар боюнча сунуштарды киргизери белгиленди.

Стратегиялык координациялык комитеттин кезектеги жыйыны үстүбүздөгү жылдын март айына пландалууда. Анда бүгүнкү консультациялардын жыйынтыгы сунушталып, кызматташтыктын приоритеттүү багыттарын мындан ары ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар макулдашылат.

Пайдалуу
Ссылкалар