Тоскоолдуксуз лидерлик: Бишкекте майыптыгы бар аялдардын ролу талкууланды

2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Майыптыгы бар аялдар: тоскоолдуксуз лидерлик» аттуу пресс-кафе өткөрүлдү.

Иш-чара майыптыгы бар аялдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык коом уюмдарын, эл аралык өнөктөштөрдү, ошондой эле медиа жана гендердик маселелер боюнча эксперттерди бириктирген ачык диалог аянтчасы болду.

Пресс-кафенин алкагында майыптыгы бар аялдардын өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы, инклюзивдүү саясатты илгерилетүү маселелери, ошондой эле ЖМКларда майыптык жана гендер темаларын туура жана этикалык чагылдыруу талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чыккан майыптыгы бар аял-лидерлердин ийгилик окуялары сунушталды.

Пресс-кафе Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси, «Майыптыгы бар адамдардын “Теңдик” союзу» коомдук бирикмеси менен биргеликте, Европа Биримдигинин, УВКПЧ ООН, ПРООН жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А. Орозбаева майыптыгы бар аялдардын лидерлиги физикалык жана социалдык тоскоолдуктарды жоюуда, кош дискриминацияга каршы күрөшүүдө жана инклюзияны илгерилетүүдө негизги роль ойной турганын белгиледи.

Ал майыптыгы бар аялдар жана кыздар көбүнчө зомбулукка, социалдык обочолонууга жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнүн чектелишине туш болорун, ошондуктан мамлекеттик саясат алардын өзгөчө муктаждыктарын эске алып, чечим кабыл алуу процесстеринде чыныгы өкүлчүлүгүн камсыздоого тийиш экенин баса белгиледи.

Министрлик аялдардын жана кыздардын укуктарын, айрыкча көп түрдүү дискриминацияга дуушар болгон жарандардын укуктарын коргоону ырааттуу түрдө колдоп келет. 2024–2025-жылдары «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси менен биргеликте өлкөнүн бардык аймактарында адвокаттар, прокурорлор, тергөөчүлөр жана социалдык кызматкерлер үчүн зомбулукка кабылган майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо боюнча окутуу семинарлары өткөрүлдү. Жалпысынан 400дөн ашык адис окуудан өттү.

Жыйынтыгында министрдин орун басары майыптыгы бар аялдардын укуктарын илгерилетүү — бул адам укуктарын сактоо маселеси гана эмес, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө кошкон инвестиция экенин белгиледи.

 

Пайдалуу
Ссылкалар