Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи болуп протездөөдө 3D-технологияларды киргизүүдө

2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде модернизациялоонун алкагында сатылып алынган француз өндүрүшүндөгү 3D-сканер жана 3D-принтердин бет ачары болуп өттү. Чакырылгандарга 3D-протездөө кабинети, басуу мектеби жана жаңы жабдуулардын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Баасы 45 850 евро болгон техника республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды. Протездөөдө 3D-технологияларды киргизүү КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу ишке ашырылууда.
Мекеме 13 миңден ашык майыптыгы бар жаранды тейлейт. Алардын ичинен 1 396сы төмөнкү бут протездери, 443ү жогорку кол протездери менен камсыздалат. Жалпысынан протездик-ортопедиялык буюмдардын 150дөн ашык түрү жекече даярдалат.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Сагынбаев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана жабдууларды өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле Россия жана Өзбекстандан чакырылган өнөктөштөр катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.ж.БАйсалов төмөнкүнү айтты:
«40 жылдан ашуун убакыт ичинде мекеменин өндүрүштүк жабдуулары системалуу жаңыртылган эмес. 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында материалдык-техникалык базаны жаңылоого 100 млн сом каралган. Бүгүн биз улуттук протездөө жана реабилитация системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам жасап жатабыз. 3D-технологияларды киргизүү — кызмат көрсөтүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине өтүү дегенди билдирет. Бул технология КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи жолу киргизилүүдө. Санариптик чечимдер жогорку тактыкты, ыңгайлуулукту жана ар бир адамга жекече мамилени камсыз кылат».
Мекеменин маалыматына ылайык, 3D-принтерди колдонуу протездин культеприемник бөлүгүн даярдоонун тактыгын жогорулатууга, өлчөм алуунун жана кийип көрүүнүн санын кыскартууга, ошондой эле кызмат алуучулардын реабилитациясын кыйла ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Иш-чаранын жүрүшүндө келе жаткан 8-Март — Эл аралык аялдар күнү менен куттуктоо сөздөрү айтылып, ошондой эле мекеменин кызматкер айымдарына кесипкөйлүгү, өз ишине берилгендиги жана протездөө менен реабилитация системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттар тапшырылды.

                               

Пайдалуу
Ссылкалар