Талас облусунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 71 аз камсыз болгон үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды
5-март күнү Манас району жана Бакай-Ата районунда «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларына сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул күнү Талас облусунан 71 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндө сертификаттар берилди. Анын ичинен Манас районунан 31 үй-бүлө, Бакай-Ата районунан 40 үй-бүлө колдоо алды. Каражаттар аз камсыз болгон жарандардын өз бизнес-демилгелерин ишке ашыруусу үчүн мамлекеттик колдоо программасынын алкагында берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Медина Кайрылбекова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматовдун айтымында, үстүбүздөгү жылы Талас облусу боюнча «Социалдык контракт» долбооруна 682 аз камсыз болгон үй-бүлө катышат.
Камчыбек Досматов белгилегендей, программанын катышуучулары өздөрүнүн бизнес-идеяларын ишке ашыруу аркылуу райондордун жана айыл аймактарынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүп, үй-бүлөлөрүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун жашоо деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.
«Бул долбоор муктаж болгон жарандарды социалдык жардам алуучулардын катарынан жеке ишкерлик менен алектенген жарандардын катарына өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Алар өз үй-бүлөсүн киреше менен камсыз кылуу менен бирге кошумча жумуш орундарын да түзүшөт.
Мындайча айтканда, долбоор аймактарды өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга өз салымын кошууда», — деп белгиледи ал.
Ал ошондой эле «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларынын 94,2 пайыздан ашыгын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөрүн белгиледи. Ушуга байланыштуу министрдин биринчи орун басары бардык аялдарды келе жаткан Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.















