Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

 

6-мартта, Эл аралык аялдар күнү – 8-Март майрамынын алдында, Бишкек шаарында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чара борбор калаанын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте уюштурулду.

Чакырылгандардын катарында Кыргызской Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, аял-активисттер жана аял-лидерлер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын өкүлдөрү болушту.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев ачып, Кыргызстандын аялдарын 8-Март майрамы менен куттуктап, алардын коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон чоң салымын белгиледи. Ал аялдар үй-бүлөдө, жумушта, илимде, саясатта, билим берүүдө жана бизнесте прогресстин кыймылдаткыч күчү экенин айтты. Министр энелерди сүйүүнүн булагы, акылмандыктын жана адеп-ахлактын тиреги катары өзгөчө белгилеп, аялдарга бакыт-таалай, чың ден соолук, жазгы дем-күч жана жаңы ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевдин куттуктоо сөздөрү айтылды.

Сөз сүйлөгөндөр аялдардын коомдук өнүгүүгө кошкон зор салымын белгилешип, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мамлекет менен коомдун берилгендигин тастыкташты.

Майрамдын соңунда белгилүү артисттердин жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программа тартууланып, бул маанилүү күнгө өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.

 

Пайдалуу
Ссылкалар