К. Досматов Талас облусундагы социалдык мекемелерде жашоо шарттарын текшерди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин тапшырмасы менен миниcтрдин биринчи орун басары К.С. Досматов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас облусунда жайгашкан майыптыгы бар адамдар, ошондой эле улгайган жарандар үчүн ыңгайлашкан Бакай-Атадагы жана Покровкадагы социалдык стационардык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жүргүздү.
Аталган социалдык стационардык мекемелерде бүгүнкү күндө 178 кызмат алуучу жашайт жана анын ичинен 164 майыптыгы бар жарандар.
Иш сапарынын жүрүшүндө Министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов социалдык стационардык мекемелердеги кызмат алуучулардын жашоо шарттары жана көрсөтүлүп жаткан социалдык кызматтардын сапаты менен жеринде таанышты.















