Эмгек министрлигинде коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тааныштырылды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде аппараттык кеңешменин башында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аалиев Айтбек Кубанычович тааныштырылды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы №328 Жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Кеңешменин жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канатбек Сагынбаев коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
«Биз социалдык коргоо системасынын ишинде максималдуу ачыктыкты камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктер өз убагында аныкталып, алдын алына турган шарттарды түзүшүбүз керек», — деп баса белгиледи министр.
Өз кезегинде Айтбек Аалиев ыйгарым укуктуу өкүлдүн негизги милдети профилактикалык иштерди жүргүзүү, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик кызматтын ак ниеттүүлүк принциптерин бекемдөө үчүн министрликтин кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү экенин белгиледи.
Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында министр тарабынан министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине учурдагы иш багыттары боюнча бир катар протоколдук тапшырмалар да берилди.















