Бишкекте 500 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары тапшырылды

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары үчүн 500 азык-түлүк баштыкчаларын таратуу иш-чарасы өттү.
Кайрымдуулук акциясы ыйык Рамазан айында Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги программаларды координациялоо кеңсесинин колдоосу менен уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында азык-түлүк баштыкчалары Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан аныкталган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды.
Эмгек министрлиги муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө багытталган социалдык демилгелерди ишке ашырууга кошкон салымы жана колдоосу үчүн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.
Пайдалуу
Ссылкалар