Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кыргыз-өзбек кызматташтыгы жолугушууда талкууланды
2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Пархатович Ниязходжаев менен жолугушту.
Тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер чөйрөсүндөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү, анын ичинде калктын жумуш менен камсыз болушу, социалдык коргоо системасын өркүндөтүү жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты.
Элчи С.Ниязходжаев Министр К.Л. Сагынбаевди Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барып, өзбек тараптын тажрыйбасын үйрөнүп, 2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Эмгек жана жумушсуздукту азайтуу министрлиги ортосундагы макулдашылган Протоколдун иш жүзүндөгү аткарылышын көрүп келүүгө чакырды.
Тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эмгек миграциясы жана социалдык коргоо тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин тастыкташты.















