Эмгек министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги кабыл алууну өткөрдү
Бүгүн, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды кезектеги жеке кабыл алуусун өткөрдү.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар министрге социалдык-эмгек маселелери боюнча бир катар кайрылууларын билдиришти. Анын ичинде бир жаран жумушка орношууга көмөк көрсөтүп берүүнү өтүндү. Министр министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү аркылуу жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, кайрылган жаранга ылайыктуу бош жумуш орундарын сунуштоо боюнча тапшырма берди.
Дагы бир жаран мыйзамсыз жумуштан бошотуу боюнча арыз менен кайрылды. Анын айтымында, Admiral Casino мекемесинин жетекчилиги аны мыйзамдуу негиздерсиз жумуштан бошоткон. Министр эмгек инспекциясына арызды карап чыгып, эмгек мыйзамдарынын сакталуусу боюнча белгиленген тартипте текшерүү жүргүзүүнү тапшырды.
Ошондой эле кабыл алууда өндүрүштө жаракат алып, анын кесепетинен угуу жөндөмүн жоготкон жарандын маселеси каралды. Кайрылган жаран майыптыкты каттоого жардам көрсөтүүнү суранып, өндүрүштүк жаракат боюнча каралган төлөмдөрдү жана компенсацияларды ала электигин билдирди. Бул маселе боюнча мыйзамдын алкагында зарыл жардам көрсөтүү тапшырмасы берилди.















