КР ЭСКММ 2026-жылдын 5-мартынан тартып 25-мартына чейин 2022-2026-жылдарга Мамлекеттик социалдык заказдын программасын жана 2026-жылга мамлекеттик социалдык заказдын программасын ишке ашыруу Планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагын жарыялайт
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагын өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 2026-жылдын 5-мартынан тартып 25-мартына чейин 2022-2026-жылдарга Мамлекеттик социалдык заказдын программасын жана 2026-жылга мамлекеттик социалдык заказдын программасын ишке ашыруу Планына ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлордун сынагын жарыялайт.
Конкурстун катышуучуларына талаптар:
1.Өз ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) конкурстун катышуучулары боло алат.
2.Сынактын жарыяланган темасынын алкагында бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
3.Салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор.
- Сынактын катышуучусу юридикалык жак катары катталууга тийиш жана өзүнүн банктык эсебине ээ болууга тийиш.
- Бир нече коммерциялык эмес уюм келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары – консорциум) түзүп жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду жүзөгө ашыруудагы салымы ажыратылууга, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттене турган консорциумдун мүчөсү аныкталууга тийиш.
- Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун бир темасынын алкагында бир консорциумдун курамында гана катыша алат.
- Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорго конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.














