Ар бир төртүнчү иш берүүчү жаштарды тартуу боюнча атайын стратегияларды азырынча колдонбойт — изилдөө
Кыргызстанда жаш кадрлардын тартыштыгы байкалууда, бирок компаниялардын болжол менен 24,5%ы жаштарды жумушка алуу боюнча максаттуу ыкмаларды азырынча колдонбойт, ал тургай адистер жетишсиз болгон аймактарда. Мындай маалыматтар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Дүйнөлүк банктын «Социалдык жардам программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо» долбоорунун алкагында даярдалган аналитикалык отчетунда берилген.
Ошол эле учурда Бишкек шаарында жана Талас облусунда иш берүүчүлөр жаштар менен активдүү иш алып барып, көбүрөөк стажировка, практика жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап жатышат.
Өлкө боюнча эң кеңири колдонулган инструменттер стажировка жана практика бойдон калууда — аларды компаниялардын 27,7%дан 40,7%га чейинкиси пайдаланат. Чүй облусунда көрсөткүч 15,2%ды түзөт. Мындан тышкары, компаниялар ийкемдүү иш графигин, жумуш ордунда окутууну, бош орундар жарманкелерине катышууну, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү менен кызматташууну жана социалдык пакетти сунушташат. Ошол эле учурда жумушка алуунун бир бөлүгү дагы эле расмий эмес байланыштар аркылуу жүргүзүлөт.
Жаш кызматкерлерди өнүктүрүүгө болгон кызыгуу акырындык менен өсүүдө: мындай мүмкүнчүлүктөрдү Бишкекте иш берүүчүлөрдүн 25,4%ы, ал эми Талас жана Чүй облустарында 22%дан ашыгы сунуштайт.
Эмгек министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Жаштар стажировкасы» программасын ишке ашырууда. Бул программа 16 жаштан 35 жашка чейинки жарандарга алгачкы эмгек тажрыйбасын алууга көмөктөшөт. Программа буга чейин 30 пилоттук шаар жана райондо ишке киргизилген: катышуучулар стипендия алышат жана стажировканын жыйынтыгында туруктуу жумушка кабыл алынышы мүмкүн.
Стажерлорду тартууну каалаган иш берүүчүлөр төмөнкү шилтеме аркылуу арыз бере алышат:
Стажировкадан өтүп, алгачкы иш тажрыйбасын алууну каалаган жаштар бул жерден каттала алышат:














