Эмгек министрлиги Россиядагы кыргызстандык жаранга багуучусун жоготкондугу үчүн 2 млн рубль алууга жардам берди

 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жаранына багуучусун жоготкондугу боюнча социалдык төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөттү.

Жаран кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын ыйгарым укуктуу органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада 2026-жылдын 10-мартында Россиянын Социалдык фонду тарабынан ага 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм төлөндү.

Ошондой эле каза болгон жарандын жашы жете элек баласына бойго жеткенге чейин ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды.

 

Пайдалуу
Ссылкалар