Эмгек министринин биринчи орун басары К.С. Досматов Борбордук Азия мамлекеттери жана Азербайжандын Достук форумуна катышты

 

2026-жылдын 29–31-март күндөрү Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Өзбекстан Республикасынын Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер маселелери боюнча комитети тарабынан уюштурулган Борбордук Азия мамлекеттери жана Азербайжандын Достук форуму болуп өттү.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов катышты.

Форум мамлекеттер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоо, коңшулук мамилелерди өнүктүрүү жана аймактагы өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча болду. Өзгөчө көңүл элдик дипломатия, гуманитардык кызматташтык жана маданияттар аралык диалогду бекемдөө маселелерине бурулду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар Достук стеласына барышып, эл аралык конференцияга катышышты, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө багытталган кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов менен Өзбекстан Республикасынын Улуттар аралык мамилелер жана чет өлкөлөрдөгү мекендештер маселелери боюнча комитетинин төрагасы Кахраман Раматуллаевич Сариевдин эки тараптуу жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз делегациясынын бул форумга катышуусу Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташууну өнүктүрүү, элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана жалпы гуманитардык баалуулуктарды илгерилетүү багытындагы саясатына берилгендигин тастыктайт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мындай демилгелердин аймакта туруктуу диалогду жана өз ара ишенимди калыптандыруудагы маанилүүлүгүн белгилейт.

Пайдалуу
Ссылкалар