Министр К.Л. Сагынбаев Астанада иш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо тармагындагы санариптик чечимдер менен таанышты

Казакстандын борбору Астана шаарына болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев бир катар негизги социалдык жана мамлекеттик мекемелерге барды.

Иш сапардын алкагында министр Астана шаарынын акиматынын Карьера борборунун, Активдүү узак жашоо борборунун, Инклюзивдүү спорт борборунун, «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фонду» ААКнын, ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өзгөчө көңүл иш менен камсыз кылуу, социалдык колдоо жана инклюзия тармагында ишке ашырылып жаткан санариптик чечимдерге бурулду. Казакстандык кесиптештер иш издөө жана кадрларды тандоо боюнча заманбап инструменттерди, социалдык төлөмдөрдү дайындоонун автоматташтырылган системаларын, ошондой эле алардын жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мамлекеттик санариптик кызматтарды тааныштырышты.

Иш сапардын жыйынтыгында социалдык-эмгек тармагын санариптештирүү боюнча тажрыйба алмашуунун жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Бул жарандардын кызыкчылыгы үчүн алдыңкы тажрыйбаларды жана технологияларды киргизүүнү камтыйт.

Пайдалуу
Ссылкалар