Эмгек министри К. Сагынбаев Санкт-Петербург шаарынын өкүлү менен эмгек миграциясы маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү
2026-жылдын 8-апрелинде Министр К.Л. Сагынбаев Санкт-Петербург шаарынын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Е.В. Кассюра менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланып, эмгек миграциясы тармагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде жарандарды уюшкан түрдө жумушка орноштуруу механизмдерин өркүндөтүү, чет өлкөгө чыгардын алдындагы даярдыкты жакшыртуу жана аларды миграциялык мыйзамдардын талаптарына ылайык адаптациялоо маселелери каралды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо, аларды мыйзамдуу жана татыктуу жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык жактан ыңгайлаштыруу маселелерине өзгөчө басым жасалды.
Е.В. Кассюра Санкт-Петербург шаарынын бийлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын ичинде жумуш берүүчүлөр менен кызматташууну өнүктүрүү, медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, онлайн тандоо механизмдерин киргизүү жана кабыл алуучу тараптын эсебинен кесиптик даярдыкты уюштуруу чаралары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдык ырасталды. Анын ичинде 2025-жылдын 18-июнунда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору менен Эл аралык эмгек миграциясына көмөктөшүү ассоциациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында жана аны ишке ашыруу боюнча биргелешкен «жол картасын» иштеп чыгуу багытында иштерди улантуу макулдашылды.















