Жылдык төлөнүүчү эмгек өргүүсүн берүү тартиби
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматкерлерге узактыгы 28 календардык күн болгон жылдык төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет. Биринчи иш жылы үчүн өргүүнү пайдалануу укугу кызматкер бир иш берүүчүдө 11 ай үзгүлтүксүз иштегенден кийин пайда болот.
Төлөнүүчү эмгек өргүүлөрүн берүүнүн кезектүүлүгү жыл сайын өргүү графигине ылайык аныкталат. Бул график кызматкерлердин өкүлчүлүк органы менен макулдашылгандан кийин иш берүүчү тарабынан календардык жыл башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен бекитилет. Өргүү графиги иш берүүчү үчүн да, кызматкер үчүн да милдеттүү.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкер менен иш берүүчүнүн макулдашуусу боюнча жылдык төлөнүүчү эмгек өргүүсү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мында анын бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем болбоого тийиш.
2026-04-08














