«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 1 – кварталындагы иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын 1 – кварталындагы иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 1 – кварталында (январь – февраль – март айларында) 15792 телефондон кайрылуу (бир суткада 175 чалуу, бир айда 5264 чалуу) түшкөн.
984 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 347 же 35,3 % жаш балдар, ал эми 637 же 64,7% чоң кишилер), анын ичинен 742 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 173 абонентке психологиялык консультация берилген, 69 кайрылуу райондук, шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция, ички иштер башкармалыктарына, ӨКМнин 112 кызматына кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
984 чалуунун ичинен: эркектерден – 152 (15,4%), аялдардан – 485 (49,3%), эркек балдардан – 106 (10,8%), кыздардан – 241 (24,5%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 282 (балдар 11);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 143 (балдар 116);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 134 (балдар 18);
– психологиялык жабырлануу менен – 126 (балдар 84);
– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар – 53 (балдар 5);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 49 (балдар 34);
– билим берүү системасы жөнүндө – 47 (балдар 20);
– ар кандай ммүнөздөгү чалуулар – 44 (балдар 25);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 22 (балдар 5);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 21 (балдар 4);
– суицид жөнүндө – 16 (балдар 12);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине арыздануу менен – 16 (балдар 1);
– социалдык түйүндөрдө алдамчылык жана коркутуулар жөнүндө – 13 (балдар 10);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 13 (балдар 2);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 5 (балдар 0).
14808 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 251 (25,5%);
– Чүй облусунан – 83 (8,4%);
– Жалал-Абад облусунан – 81 (8,2%);
– Ош облусунан – 57 (5,8%);
– Ысык- Көл облусунан – 43 (4,4%);
– Ош шаарынан – 43 (4,4%);
– Баткен облусунан – 27 (2,7%);
– Нарын облусунан – 22 (2,2%);
– Талас облусунан – 11 (1,1%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 366 (37,2%).
2026 – жылдын I – кварталында (январь-февраль-март айларында) түшкөн (984 чалуу) чалуулардын саны 2025 – жылдын I – кварталына (452 чалуу) салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөн.














