Токио шаарында кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралды

Бүгүн, 14-апрелде Токио шаарында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К.Л. Сагынбаев Япониянын миграция жана жумушка орноштуруу агенттигинин комиссары Хидэхару Маруяма менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кыргыз-япон кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Анын ичинде Япониянын экономикасынын айрым тармактарында жумушчу күчүнүн жетишсиздигин толуктоо максатында чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга багытталган «Токутэй гино» (Specified Skilled Worker) программасын ишке ашыруу маселеси каралды. Бул программа белгиленген квалификациялуу кесиптердин тизмесинин негизинде жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, тараптар техникалык стажировка программаларынын алкагында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Японияда ишке орношуу тармактарын көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Айрыкча туризм, карыларды кароо, курулуш жана айыл чарба тармактарына басым жасалды.
Тараптар уюшкан эмгек мигранттарын тандоо механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнүн, кесиптик жана тилдик даярдыктын деңгээлин жогорулатуунун, ошондой эле ишке орношуу процесстеринин ачыктыгын жана коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында Японияда иштөөгө кызыкдар жарандарды даярдоо борборлорун түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул процесске Эл аралык миграция уюму (МОМ) тартылып, талапкерлерди япон тараптын талаптарына ылайык системалуу даярдоо жана квалификациялуу кадрларды калыптандыруу максат кылынат.
Жолугушуунун жыйынтыгында уюшкан эмгек миграциясын өнүктүрүүгө жана институционалдык кызматташууну бекемдөөгө багытталган эки тараптуу ведомстволор аралык келишим түзүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пайдалуу
Ссылкалар