Эмгек министрлигинде эмгек рыногундагы абал жана талап кылынган бош жумуш орундар тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалоо маалыматтарына ылайык, 2026-жылдын 1-февралына карата калктын саны 7 млн 404,3 миң адамды түздү.

Эмгекке жөндөмдүү калктын саны 2 860,7 миң адам болду.

Жумуш менен камсыз болгон калк — 2 756,0 миң адам, жумушсуздардын саны — 104,7 миң адам.

Жалпы жумушсуздук деңгээли 3,7% түздү.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча расмий жумушсуздук деңгээли 1,3% болду.

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү бөлүмдөрүндө каттоодо турган жумушсуздардын саны 57 700 адамды түздү (анын ичинде 25 521 аял / 33 752 жаштар).

Расмий жумушсуз макамына ээ жарандардын саны — 38 270 адам (анын ичинде 17 591 аял / 23 488 жаштар).

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү жумуш берүүчүлөрдөгү бош орундарды аныктоо жана талдоо иштерин жүргүзүүдө. I кварталда 8 087 бош орун катталган, анын ичинен учурда 5 243 жумуш орду актуалдуу бойдон калууда.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын алкагында 3 562 жумушсуз жаран жумушка орноштурулду (анын ичинде 1 996 аял / 1 841 жаштар).

Белгилей кетсек, министрлик тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү кызматтары жашаган жери боюнча акысыз көрсөтүлөт. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:
• жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкаттарды берүү;
• кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификацияны жогорулатууга жөнөтүү;
• жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө;
• акы төлөнүүчү коомдук иштер программалары аркылуу убактылуу жумуш менен камсыз кылуу;
• бош жумуш орундар тууралуу маалымат берүү;
• социалдык контракт аркылуу социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо;
• долбоордук негизде «Жаштар стажировкасы» долбоорун ишке ашыруу.

Ошондой эле кесип тандоого көмөк көрсөтүү максатында бардык каалоочуларга жана окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү иштери жүргүзүлөт.

2026-жылдын I кваталында эмгек рыногунда 5 243 жумуш орду талап кылынууда. Бош орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

Кызматтык кесиптер – 1 465:
• мектепке чейинки жана мектеп мугалимдери — 323
• медицина кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, массажисттер, санитарлар) — 527
• менеджерлер — 17
• бухгалтер-кассирлер — 158
• мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер — 114
• юристтер — 4
• программисттер — 98
• агенттер — 118
• стажёрлор — 47
• промоутерлер — 42
• гиддер — 2
• жол мастерлери — 4
• офис-менеджерлер / иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр — 11

Жумушчу кесиптер – 3 778:
• компьютер тармагындагы адистер — 175
• ашпозчулар — 138
• соода агенттери — 260
• тигүүчүлөр — 1 065
• ширетүүчүлөр — 110
• курулуш тармагынын кызматкерлери (механиктер, ширетүүчүлөр, усталар, токарлар, слесарлар, бетон куюучулар ж.б.) — 373
• айдоочулар — 427
• жер астындагы иштердин жумушчулары — 154
• жол жумушчулары — 60
• кызмат көрсөтүү тармагынын кызматкерлери — 1 016 (чачтарачтар, маникюр чеберлери, медицина кызматкерлери, официанттар, сатуучулар, косметологдор, күзөтчүлөр, тазалоочулар, жүк ташуучулар, курьерлер, кароочулар, кондитерлер, наабайчылар, фермерлер, малчылар, бала багуучулар, үй кызматкерлери ж.б.)

Базада ошондой эле жаңы кесиптер боюнча бош орундар кошулган: экспедитор, гид, маркетолог, бариста ж.б.

Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айындагы маалыматына ылайык, тармактар боюнча орточо айлык эмгек акы төмөнкүдөй: финансы сектору — 83 277 сом; өнөр жай — 68 101 сом; транспорт — 58 657 сом; курулуш — 57 472 сом; соода — 55 188 сом; айыл чарба — 33 813 сом; кызмат көрсөтүүлөр — 29 679 сом; саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар — 30 509 сом; билим берүү — 27 352 сом; маданият — 27 326 сом; илимий ишмердүүлүк — 58 541 сом; маалымат жана байланыш — 80 277 сом; кен казуу өнөр жайы — 86 971 сом.

Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү кызматтарына 39 373 жаран кайрылган, алардын ичинен 27 427 жаран эмгек мыйзамдары, кесиптик окутуу, кайра даярдоо жана кесип тандоо боюнча кеңеш алышкан.

Жумушсуз жарандардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2 039 адам кесиптик окутууга жөнөтүлгөн.

Окутуу төмөнкү талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлөт: ашпозчу, тигүүчү, чачтарач, 1С билген бухгалтер, автоэлектрик, компьютер оператору, соода агенти, косметолог, маникюр чебери, массажист, визажист, котормочу, тери жана мех боюнча уста, дизайнер, электр-газ ширетүүчү жана слесарь-сантехник.

Убактылуу иш менен камсыз кылуунун алкагында акы төлөнүүчү коомдук иштерге 1 974 жаран жөнөтүлгөн.

Пайдалуу
Ссылкалар