Катышуучулардын 94%дан ашыгы — аялдар: Жети-Өгүздө социалдык контракттын алкагында сертификаттар тапшырылды
2026-жылдын 18-апрелинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 110 катышуучуга ар бири 150 миң сомдон сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул каражаттар аз камсыз болгон жарандардын өз бизнес-демилгелерин ишке ашыруусу үчүн мамлекеттик колдоо программасынын алкагында берилди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Камчыбек Досматов өз сөзүндө белгилегендей, «Социалдык контракт» программасынын катышуучуларынын 94,2 пайыздан ашыгын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Ошондой эле ал программага катышкан жарандардын арасында жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан алгачкы 14 катышуучу аныкталганын маалымдады. Алардын бири Ысык-Көл облусунан, тактап айтканда Каракол шаарынын тургуну Айнура Талипова.
Анын айтымында, Айнура Талипова 2022-жылы социалдык контракт түзүп, «Жаркыра» аталышындагы клининг компаниясын негиздеген. Кыска убакыттын ичинде компания жаңы башталган ишканадан туруктуу регионалдык бизнеске айланды. Ишмердүүлүк учурунда 100дөн ашуун кызматкер окутулуп, алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө да компанияда эмгектенип, туруктуу команда түзүлгөн.
«Сиздердин араңыздарда дагы жогорку кирешеге жетишкен келечектеги ишкерлер чыгат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Камчыбек Досматов.

2026-04-18














