Жеңиш күнүнө карата: Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун  ардагерлери

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар.

Алардын ичинен 8и — согуштун түз катышуучулары.

Аймактар боюнча:

Бишкек — 4;
Чүй облусунун Жайыл району — 2;
Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.

Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт: алардын 4ү Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.

Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын 8и Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.

Пайдалуу
Ссылкалар