Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду кимдер ала алат: Эмгек министрлигинин түшүндүрмөсү
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын категориялары жана аны дайындоо шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдайт: кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул берүү тартиби 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобо менен жөнгө салынат.
Аталган документтин нормаларына ылайык, бул төлөмдү алууга төмөнкү жарандар укуктуу:
1. Иштеген жарандар: Иш берүүчүлөр менен эмгек мамилесинде турган адамдар.
2. Жеке ишкерлер: Ишкердик иш жүргүзүп, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп жаткан адамдар.
3. Дыйкан (фермер) чарбаларынын мүчөлөрү.
4. Расмий жумушсуздар: Белгиленген тартипте иш менен камсыз кылуу кызматтарында расмий жумушсуз деп таанылган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укугу бар аялдар.
Расмий жумушсуздар үчүн милдеттүү шарт болуп жалпы камсыздандыруу стажынын кеминде 12 ай болушу саналат.














