Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын  улук   тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку билим: гуманитардык илимдер,социалдык илимдер,экономика жана башкаруу,педагогикалык билим берүү,табигый илимдер,техникалык илимдер.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик  же муниципалдык кызматтагы  стажы жалпысынан  1-жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдын кем эмес.

2.Резервге кирүү үчүн тестке  катышууга  төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

– Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

– Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып  10 жумушчу күн ичинде Кадамжай райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгына тапшыруу керек.

Дарек: Кадамжай шаары, А.Жалилов көчөсү , № 25. Телефондор (03655) 50726

Сурап билүү  үчүн байланыш номер:   0777155644

Пайдалуу
Ссылкалар