Эмгек министрлиги эмгек жолун жыйынтыктаган кызматкерлерди сыйлады

15-май күнү, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратында эмгек жолун жыйынтыктап жаткан кызматкерлерди урматтоо иш-чарасы өттү. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 12-пунктуна жана экинчи бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик жарандык кызматта болуунун курактык чегине жеткендигине байланыштуу министрликтин Майыптыгы бар адамдардын жана улгайган жарандардын маселелери боюнча башкармалыгынын мамлекеттик социалдык заказ жана социалдык кызматтарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Койчуманов Тынчтыкбек Толонбаевич жана Жайыл райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы Баймонкоев Асылбек Сатыкеевич менен салтанаттуу түрдө коштошуу аземи өткөрүлдү. Көп жылдык үзүрлүү жана ак ниет эмгеги, ошондой эле министрликтин ишмердүүлүгүнө кошкон олуттуу салымы үчүн алар Министрликтин юбилейлик медалы менен сыйланышты.

Министр Канат Сагынбаев кесиптештерине терең ыраазычылык билдирип, алардын бай тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү министрликтин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгиледи. Ошондой эле кесиптештери жылуу каалоо-тилектерин айтып, бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалашты.

Пайдалуу
Ссылкалар