Эмгек министрлигинде коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу маселелери каралды

 

2026-жылдын 15-майында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министригинде

Кыргыз Республикасынын Президентинин  Жарлыгы менен бекитилген коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны жана 2026–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы маалымат саясатын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу максатында Министрликте жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү да катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, коррупциялык тобокелдиктерди системалуу аныктоо, аларды башкаруу механизмдерин киргизүү жана минималдаштыруу маселелери каралды.

Ошондой эле бул багытта тиешелүү тапшырмалар берилип, коррупцияга жана тобокелдиктерге каршы аракеттенүү иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

#ТазаКыргызстан,
#МенПараБербейм,
#МенПараАлбайм,

Пайдалуу
Ссылкалар