Бишкекте иш менен камсыз кылуу жана эмгектин келечеги боюнча Экинчи Улуттук форум өтүүдө
2026-жылдын 19-майында Бишкек шаарында «Иш менен камсыз кылуу, кесиптик көндүмдөр жана эмгектин келечеги: Кыргыз Республикасында мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарын жана формалдуу эмес билим берүүнү чыңдоо» аттуу Экинчи улуттук форум өтүүдө.
Форум эмгек рыногундагы актуалдуу чакырыктарды, кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарын модернизациялоону жана формалдуу эмес билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү талкуулаган улуттук аянтча болду. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин атынан министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө адам капиталын өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө эмгек рыногу санариптештирүүнүн, технологиялык өзгөрүүлөрдүн жана иш менен камсыз кылуунун жаңы формаларынын таасири астында тездик менен өзгөрүүдө. Бул процесстер экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бирге мамлекеттен, билим берүү системасынан жана иш берүүчүлөрдөн ийкемдүү жана заманбап ыкмаларды талап кылат», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин активдүү аракеттеринин аркасында акыркы жылдары эмгек рыногундагы абал туруктуу бойдон калып жатканын белгиледи. Түзүлгөн жумуш орундардын саны акырындык менен өсүүдө: 2025-жылы 274,0 миң жумуш орду түзүлгөн болсо, 2023-жылы — 109,0 миң, ал эми 2024-жылы — 263,0 миң жумуш орду түзүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, жумушсуздардын жалпы саны 104,7 миң адамды түзүп, жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7% болду. 2020-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 2,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
Ал адам капиталын өнүктүрүү, экономиканын муктаждыктары жана реалдуу сектордо татыктуу жумуш орундарын түзүү ортосундагы тыгыз байланыштын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттин негизги милдети — ар бир жаран өзүнүн эмгек потенциалын ишке ашырып, талап кылынган көндүмдөргө ээ болуп жана туруктуу иш менен камсыз болууга шарт түзүү.
Ошондой эле жаштарды, аялдарды, жумушсуз жарандарды жана калктын башка аярлуу катмарларын иш менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. е «Жашыл» көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн жана туруктуу, экологиялык багыттагы экономика үчүн адистерди даярдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар иш менен камсыз кылууну санариптештирүү, платформалык иш менен камсыз кылуу, кадрларды даярдоо, өмүр бою билим алуу, ошондой эле адам капиталын өнүктүрүү үчүн мамлекет, бизнес жана билим берүү уюмдарынын өз ара кызматташуусу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды талкуулашты.
Форум Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган жана Helvetas Swiss Intercooperation уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан «Чебер: Кыргызстандагы көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору менен биргеликте уюштурулду.















