Жарандардын эмгек акы, камкорчулук жана майыптыгы бар балдарды колдоо маселелери боюнча кайрылуулары каралды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Коомдук кабылдамасында министрдин орун басары Аида Исатбек кызынын катышуусунда жарандарды кабыл алуу болуп өттү.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны төлөбөй коюу, балдарды кароо жана камкорчулукка алуу маселелери, ошондой эле майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү боюнча энелердин кайрылуулары каралды.
Ар бир кайрылуу кылдат угулуп, кайрылуучуларга тийиштүү түшүндүрмөлөр жана консультациялар берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар